Самаркандда Жээнбек Кулубаев менен АКШнын мамкатчысы Марко Рубио жолугуштуКыргызстанда кыймылсыз мүлктү каттоону кечиктиргендиги үчүн туум киргизүү сунушталуудаОш шаарындагы эски базардын ордуна эс алуу жайы жана туристтик шаарча курулатЫсык-Көл облусунда миң гектардан ашык кунарсыз жайытка үрөн себиле баштадыЭки оркестр, эки өлкө: Бишкекте кыргыз-швейцар марш-парады өттүКыргызстанда өзгөчө айкалыштагы унаа номерлеринин сертификатын кайра каттоо онлайн форматка өттү
1 млн сом опузалап талап кылышкан: УКМК Айыл чарба министрлигинин кызматкерлерин кармады
08.07.2026 | 17:20

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдиргендей, ири өлчөмдө пара талап кылууга шектелип, КР Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Жер жана суу көзөмөлү боюнча кызматынын кызмат адамдары кармалды.
Мекеменин маалыматына ылайык, аталган министрликке караштуу Жер жана суу көзөмөлү боюнча кызматтын Чүй-Бишкек аймактар аралык башкармалыгынын чиновниктери суу коргоо аймагына жакын жерде туристтик объектти куруу долбоорун макулдашып берүү үчүн 1 миллион сом опузалап талап кылышкан.
2026-жылдын 7-июлунда КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгүнө («Пара талап кылуу») ылайык козголгон кылмыш ишинин алкагында, башкармалыктын жетекчиси жана башкы инспектору пара алып жаткан жеринен (кылмыш үстүнөн) кармалышты.
Башкармалыктын жетекчиси КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына (УКЖ) киргизилди. Тергөө амалдары жүрүп жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом