Сергей Кожемякин: Пакистан — Кыргызстан үчүн мүмкүнчүлүкпү же тузакпы?

Пакистан Кыргызстан үчүн Индия океанына чыгуучу жол боло алабы, эмне үчүн транспорттук долбоорлор Ооганстанга барып такалат жана Исламабад жаңы геосаясий оюнда кандай орунду ээлейт? Бул тууралуу Reporter.kg сайтына саясат таануучу Сергей Кожемякин айтып берди.
— Кыргызстан менен Пакистан соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү тууралуу эбактан бери эле айтып келишет. Сиздин оюңузча, бул сапардан кийин кандай реалдуу долбоорлор пайда болушу мүмкүн, ал эми эмнелер азырынча планда гана калат?
— Так ушул сапардан чоң бурулуш жасаган чечимдерди күтпөйт элем. Пакистандын саясий системасында президент негизги фигура эмес. Маселен, Индия, Германия же Италиядагыдай эле, премьер-министр алда канча көп ыйгарым укуктарга ээ. Ошондуктан, азыркы жолугушуулардын жыйынтыктары көбүнчө ниеттер тууралуу декларация мүнөзүндө болуп, кийинки сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө, мисалы, сентябрдагы ШКУ саммитинин алкагында реалдуу ишке ашышы мүмкүн.
Бирок сапардын маанисин төмөндөтүү да туура эмес болуп калар эле. Асиф Али Зардари башкаруучу коалициянын катышуучусу болгон Пакистан элдик партиясынын өкүлү.
Андыктан анын Кыргызстанда жасаган билдирүүлөрүн жана кол коюлган келишимдерди Пакистандын башкаруучу классынын позициясынын жана ниеттеринин чагылдырылышы деп эсептесе болот. Бул соода-экономикалык кызматташтыкка да тиешелүү.
— Кыргызстан тышкы рынокторго чыгуу үчүн жаңы жолдорду издеп жатат. Пакистан биздин өлкө үчүн Индия океанынын портторуна «терезе» боло алабы же буга мурдагыдай эле коопсуздук жана логистика көйгөйлөрү тоскоолдук кылабы?
— Формалдуу түрдө — ооба. Эгер картадан түз сызык сызсак, Пакистандын порттору чындыгында Индия океанына эң кыска жолду камсыздай алат. Бирок, белгилүү болгондой, «кагаз жүзүндө баары жакшы болгону менен, турмушта тоскоолдуктар арбын».
Биздин учурда эң негизги «тоскоолдук» болуп Ооганстан саналат, ал жактагы кырдаал азырынча транспорттук коридорлор боюнча узак мөөнөттүү пландарды түзүүгө жол бербейт. Кеп өлкөнүн ички саясий абалы жөнүндө да, ооган-пакистан кагылышуусу жөнүндө да болуп жатат.
Кытай-Пакистан экономикалык коридоруна (КПЭК) кошулуу вариантынын да өз кыйынчылыктары бар, биринчи кезекте учурдагы каттамдардын өткөрүү жөндөмдүүлүгүнүн жетишсиздигине байланыштуу.
Менин оюмча, Бишкек жана бүтүндөй аймак үчүн Иран менен кызматташуу эң оптималдуу вариант бойдон калууда. Бирок геосаясий факторлордон улам өлкө жетекчилиги Тегеран менен стратегиялык мамилелерди куруудан азырынча карманып турат.
— Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан — Ооганстан — Пакистан транспорттук коридору тууралуу көп айтылып жатат. Бул долбоор бүгүнкү күндө канчалык реалдуу жана ал Кыргызстанга эмне бере алат?
— Азырынча баары декларация деңгээлинде калууда. Долбоорду ишке ашырууга жогоруда аталган себептер — Ооганстандын ичиндеги туруксуздук жана Кабул менен Исламабаддын ортосундагы конфликт тоскоол болууда.
Эң оптималдуу вариант — Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан коридорун Ирандын портторуна чейин узартуу болмок. Бирок бул учурда саясат экономикалык пайдадан күчтүүрөөк болуп чыгууда. Келечекте бул аталган каттамдын пайда болушунан күтүлгөн натыйжаны төмөндөтүшү мүмкүн.
— Бүгүнкү күндө Кыргызстан менен Пакистандын кызматташтыгы кайсы тармактарда эң келечектүү көрүнөт? Сиздин оюңузча, эки өлкө кайсы багытта эң көп экономикалык пайда ала алат?
— Андай тармактар аз эмес. Бул — айыл чарба азыктарын жеткирүү, фармацевтика тармагындагы кызматташтык жана билим берүү тармагындагы байланыштарды өнүктүрүү.
Өзүнчө бир багыт — энергетика. Бирок жеке мен буга бир кыйла ишенбөөчүлүк менен карайм. Электр энергиясын иштеп чыгуунун азыркы көлөмүндө, ички керектөөчүгө зыян келтирбестен Кыргызстандан Пакистанга туруктуу электр энергиясын жеткирүү азырынча мүмкүн эмес.
— Пакистан Ооганстандын тегерегиндеги кырдаалда маанилүү ролду ойнойт. Бишкек менен Исламабаддын кызматташтыгы Борбордук Азиядагы коопсуздукту бекемдей алабы?
— Туруктуу жана коопсуз Ооганстанды бардык чектеш мамлекеттердин, анын ичинде Пакистан, Иран, Кытай жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн күч-аракеттерин бириктирмейинче элестетүү мүмкүн эмес.
Исламабад географиялык себептерден улам — биринчи кезекте Ооганстан менен эң узун чек арага ээ болгондуктан, ошондой эле пуштундардын эки өлкөнүн ортосунда бөлүнүшүнө байланыштуу этникалык факторлордон жана тарыхый өзгөчөлүктөрдөн улам бул жерде өзгөчө роль ойнойт.
Ооганстандын көпчүлүк коңшулары ШКУнун мүчөсү болгондуктан, тынчтык процесси дал ушул уюмдун алкагында өнүгүүсү мүмкүн эле.
Бирок, азырынча мунун баары жакшы тилек бойдон калууда. Кабул менен Исламабад курч конфликт абалында турат. Тараптардын бири да аны токтотууга олуттуу кызыкдар экендигин көрсөткөн жок. Мунун негизги себеби — тышкы душмандын образы ички саясий көйгөйлөрдү чечүүгө жардам берет.

— Бүгүнкү күндө Пакистан Кыргызстандын тышкы саясатында кандай орунду ээлейт? Эмне үчүн Бишкек акыркы жылдары бул багытка барган сайын көбүрөөк көңүл буруп жатат?
— Жакынкы убактарга чейин Пакистан Кыргызстандын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын катарына кирген эмес. Бирок кырдаал акырындап өзгөрүүдө.
Буга бир катар факторлор өбөлгө түзүүдө, алардын арасында Пакистандын ШКУга кириши, CASA-1000 сыяктуу биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле Кыргызстанда пакистандык студенттердин жана эмгек мигранттарынын санынын өсүшү бар.
Мунун баары Исламабаддын Бишкектин тышкы саясий «куржунундагы» маанисинин акырындап өсүшүнө алып келүүдө.
Дагы бир маанилүү фактор — транспорттук-инфраструктуралык. Глобалдык чыңалуу жана тез өзгөрүп жаткан геосаясий жана геоэкономикалык кырдаал шартында Кыргызстан альтернативдүү транспорттук каттамдарды издөөгө кызыкдар.
— Айрым эксперттер Борбордук Азия жаңы геосаясий атаандаштыктын борборлорунун бирине айланып баратат деп айтышат. Пакистандын президентинин сапарын ушул процесстин бир бөлүгү катары кароого болобу?
— Мен бул пикирге кошулам. Борбордук Азия чындыгында эле эл аралык оюндагы маанилүү карта болуп саналат. АКШ баштаган Батыш бул аймакты уран, сейрек кездешүүчү металлдар, жаратылыш газы сыяктуу стратегиялык ресурстардын булагы, ошондой эле Орусия, Кытай жана Иранга басымды күчөтүү үчүн плацдарм катары карайт. Бул үч өлкө болсо, өз кезегинде, аймакта Батыштын таасиринин күчөшүнө кызыкдар эмес.
Учурдагы жетекчилиги Вашингтонго багыт алган Пакистан, белгилүү бир деңгээлде Батыштын таасирин жайылтуучу ролду ойнойт. Түркия жана араб монархиялары да ушундай эле функцияны аткарышат. Көптөгөн эксперттердин түрк-сауд-пакистан блогунун түзүлүшү жөнүндө айтып жатканы бекеринен эмес.
Бул өлкөлөрдүн Борбордук Азия менен кызматташтыгын бекемдөөсүнүн артында Орусия менен Ирандын таасирин алсыратууга болгон умтулуу турат. Бул өзгөчө транспорттук долбоорлордо — Транскаспий эл аралык транспорттук маршрутунда, Иранды айланып өтүп Индия океанына чыгуу демилгелеринде жана башкаларда ачык байкалат.
Түркия НАТОнун мүчөсү, ал эми Пакистан НАТОго кирбеген АКШнын негизги өнөктөштөрүнүн катарына (Major Non-NATO Ally) кирерин да унутпоо керек. Ошондуктан кеп экономикалык гана эмес, аскердик-саясий катышуу жөнүндө да болуп жатат.
Пакистандын борбор азиялык багытта кескин күчөгөн активдүүлүгү кокусунан эмес жана, балким, Вашингтон менен макулдашылган.
Андыктан Бишкек үчүн мындай кызматташтыктын мүмкүн болгон экономикалык пайдасын гана эмес, узак мөөнөттүү геосаясий кесепеттерин да кылдат баалоо маанилүү.
Анара Мамытова