Ала-Букага барган ички иштер министринен эл эмнени өтүндү?

Ала-Букага барган ички иштер министринен эл эмнени өтүндү?

Президент Садыр Жапаровдун элдин укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө жана жарандардын турмуш-тиричилигине байланышкан маселелеринен кабар алуу жана аны чечүү тапшырмасын аткаруу үчүн Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, ички иштер министри Улан Ниязбеков, Башкы прокурор Курманкул Зулушев, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев бүгүн, 8-июлда Ала-Бука районунун эли менен жолугушууда.

ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууга Жалал-Абад облусунун жана Ала-Бука районунун тиешелүү жетекчилери, жергиликтүү тургундардан 400дөй адам катышууда. Аталган жолугушууга Ала-Бука районунун акиминин милдетин аткаруучу Мирбек Тотонов да катышууда.

Жолгушууда негизинен социалдык маселелер көтөрүлдү,  жергиликтүү тургундар жерлерди трансформация,  мектептерди куруу, тендерге катышкан компаниялар иштерин толук аяктабай жатышкандыгы, жер семирткичтеди өзүбүздөн чыгарсак, айыл-чарба иштерин жогорку деңгээлде уюштурсак жакшы болот эле суроолор болду.

Ошондой эле Россияда кылмыш жасап качып келгендерге да ИИМ өзгөчө көңүл буруп берсе деген өтүнүчтөр айтылды.  Өз кезегинде Улан Ниязбеков Ички иштер министрлиги дүйнөдөгү бир катар мамлекеттер менен өз ара кызматташуу боюнча келишимдердин негизинде иш жүргүзүп жатканын маалымдады.  Айрыкча, Россия Федерациясы менен да тыгыз иштеп, баары  көзөмөлдө экенин айтты.  Эгерде кимде-ким толук маалымат алгысы келсе, же суроолору бар болсо чогулуштан кийин жеке өзү кабыл алып бардык маселелерди чечүүгө жардам бере тургандыгын белгиледи.

Негизинен алганда Ала-Бука районундагы жолугушуу элдин көйгөйүн жеринен угуп, жарандардын коопсуздугун, алардын жашоо турмушуна тиешелүү болгон бардык маселелерди жакындан билип жана аны чечүүгө багытталгандыгын белгилейбиз.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Ала-Бука

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>