Жалал-Абад: Бир мектепти курууда 5 млн. сомдой өөнөлгөн

Жалал-Абад: Бир мектепти курууда 5 млн. сомдой өөнөлгөн

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Талаа-Булак айылындагы А.Матиев атындагы №76 орто мектептин куруп жатканда Капиталдык курулуш дирекциясынын жооптуу кызматкерлери бюджетке зыян келтиргени аныкталды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдирди.

Маалыматка караганда, алар бюджетке 4 миллион 970 миң 944 сом зыян келтирген. Аткарылган курулуш-монтаждоо иштеринин чыныгы көлөмү жана алардын баасы ашыкча баалангандыгы, жооптуу адистердин техникалык көзөмөлдөгү бузуулары, ошондой эле курулуш эрежелеринин талаптарын жана курулган объектилерди пайдаланууга кабыл алуу эрежелерин жашырышкан.

Азыркы учурда бардык жагдайларды аныктоо жана күнөөлүүлөрдү кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча чаралар көрүлүүдө.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>