Болбогон кеп! Эдил Байсалов айтылган кептерге жооп берди

Болбогон кеп! Эдил Байсалов айтылган кептерге жооп берди

Швецияга убактылуу жашоого уруксаатым жок. Болбогон кеп! Бул туурасында “Клоопко” Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдирген.

Байсалов «2019, 2020-жылы дагы мен эч жерге, эч кандай арыз менен кайрылган эмесмин. 2008-2010-жылдары Швецияда жашаганым жалпыга белгилүү. 2010-жылдын 8-апрелинин таңында мекениме учуп келгем. Ооба, өспүрүм кызым Швецияда жашайт. Бирок, бул менин жашоом, менин жеке себептерим, мамлекеттик жашоого эч кандай тиешеси жок. Көчүп кетүүгө мүмкүн болгон миллион мүмкүнчүлүктөргө карабай, Кыргызстанда жашап жатам жана мындан ары дагы жашай берем», — деп жооп берген.

Буга чейин айрым басылмаларда Байсаловдун Швециянын ratsit.se ачык маалымат базасында 2019-жылдын 30-апрелинде жашап турууга уруксат сурап арыз менен кайрылганы айтылган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>