Милициянын тергөөчүсү кылмышка шектелүүдө

Милициянын тергөөчүсү кылмышка шектелүүдө

Бишкек шаардык Октябрь райондук ички иштер башкы башкармалыгынын тергөөчүсү жабырлануучунун тосмо арызын жасалмалап, ишти мыйзамсыз кыскарткан. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Башкы прокуратура тарабынан Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматынын жазык иштери боюнча кабыл алган процессуалдык чечимдеринин мыйзамдуулугу текшерилип, арыз жана башка процессуалдык документтерди бурмалоо фактысы аныкталды.

Алсак, 2021-жылдын 19-сентябрында Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө Бишкек шаарынын кафелеринин биринде уюлдук телефон уурдоо фактысы боюнча маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу келгенде А.К. аттуу жаран аталган кафенин кызматтык бөлмөсүнүн ичинде телефону жоголгону тууралуу арыз менен кайрылган.

Бул факт боюнча Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренеси (уурулук) менен кылмыштардын жана жоруктардык бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.Бирок, 2021-жылдын 30-сентябрында, башкача айтканда 10 күндөн кийин, Г.А. аттуу тергөөчү бир дагы тергөө-иликтөө ишин жүргүзбөстөн, атайылап жалган маалымат киргизүү менен телефонду жоголгону тууралуу мурда жазылган арызды «тосмо арыз» катары бурмалап, анын натыйжасында сотко чейинки өндүрүштү мыйзамсыз кыскарткан.

Башкы прокуратура тарабынан топтолгон материалдар Жазык кодексинин 320-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>