Нарында гараждын ичиндеги унаадан жубайлардын сөөгү табылды

Нарында гараждын ичиндеги унаадан жубайлардын сөөгү табылды

Ат-Башы районундагы Баш-Кайыңды айылында гараждын ичинен «Honda Odyssey» үлгүсүндөгү автоунаадан жубайлардын сөөгү табылды. Бул тууралуу Нарын облусттук милициясынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Окуя тууралуу маалымат Ат-Башы райондук милициясына 2021-жылдын 20-декабрь күнү келип түшкөн.

Аталган билдирүү Ат-Башы РИИБи тарабынан каттоого алынып, окуя болгон жерге кароо жүргүзүлгөн.

“Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айылында үйдүн түштүк тарабында өңү көк сары менен сырдалган, атайын автоунаа токтотуучу жайдын ичинде өңү күмүш түстөгү «Honda Odyssey» үлгүсүндөгү автоунаанын ичинен жансыз денелер табылган. Алар 1983-жылы туулган Д.С.жана 1982-жылы туулган М.Г. аял күйөөсү экени аныкталган. Окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, жансыз денелер сууктан улам тоңуп калгандыгы, бирок эч кандай күч колдонуп өлтүрүлгөн белгилер байкалган эмес”, — деп жазылат маалыматта.

Аталган факты боюнча тиешелүү эспертизалар дайындалып, териштирүү иштери жүргүзүлүүдө. Алдын ала иликтөөлөргө ылайык, алар автоунаанын газына ууланып каза болгондору божолмолдонуп жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>