11-май: Коронавирус 379 адамдан аныкталып, 7 киши каза болду

11-май: Коронавирус 379 адамдан аныкталып, 7 киши каза болду

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясынын жаңы 379 учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан билдирди.

Маалыматка ылайык, соңку суткада 4223 кишиден ПЧР тест алынган.

Илдет аныктылгандар:

Бишкек шаарында – 240;
Ош шаарында – 5;
Чүй облусунда – 103;
Ош облусунда – 1;
Талас облусунда – 2;
Нарын облусунда – 9;
Ысык-Көл облусунда – 13;
Жалал-Абад облусунда – 1;
Баткен облусунда – 5.

Ошондой эле инфекция 10 медицина кызматкеринен табылган.

Ал эми COVID-19 жана пневмониядан бир суткада 304 бейтап сакайды. Илдеттен Бишкекте 5, Чүй облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 1 киши каза болду.

Белгилей кетсек, пандемия башталгандан бери COVID-19 99 миң 33 адамдан аныкталды. Анын ичинен 92 миң 120 бейтап айыгып, 1 миң 667 киши каза болду.

 

 

Рубрики: COVID-19 , ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>