Кытайда Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал талкууланды

Кытайда Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал талкууланды

Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен Өзбекстанстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов менен Кытайда сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, эки өлкөнүн министрлери бүгүн, 11-майда Кытайдын Сиань шаарында “Борбор Азия – Кытай” тышкы иштер министрлердин 2-кеңешмесинин аянтчасында эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргузгөн.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында түзүлгөн кырдаалга өзгөчө көңүл бурушту. Казакбаев кесиптешин 28-30-апрелдеги окуялар жана Баткен облусундагы азыркы абал тууралуу маалымдаган. Кыргыз тараптын Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы жогорку жана эң жогорку деңгээлдерде жетишилген келишимдерди сактоо ниетин кармана тургандыгын баса белгилеген.

Тараптар көптөгөн адам курмандыктарына жана кыйроолорго алып келген чыр-чатак саясий-дипломатиялык сүйлөшүүлөр жолу менен гана чечилиши керек деген пикирди билдиришкен.

Өзбекстандын ТИМ башчысы Камилов кыргыз тараптын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча аракеттерин колдоп, өзбек тарап жаңжал аймагындагы абалды андан ары турукташтырууга ар тараптуу көмөк көрсөтүүгө даяр экендигине ишендирген.

Жолугушуунун алкагында тараптар ошондой эле кыргыз-өзбек эки тараптуу күн тартибинин актуалдуу маселелерин талкуулап, 2021-жылдын башында уюштурулган жогорку жана эң жогорку деңгээлдердеги иш сапаралардын жана иш-чаралардын жыйынтыктарын канааттануу менен белгилешкен.

Жетишилген келишимдерди андан ары жүзөгө ашыруу жана кыргыз-өзбек мамилелердин динамикасын бекемдөө максатында Казакбаев өзбек кесиптешин Кыргызстанга ага ыңгайлуу убакта расмий иш сапары менен келип кетүүгө чакырган.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>