12 жолу бычак сайган. Бишкекте эки мас адамдын чыры сотко жетти

12 жолу бычак сайган. Бишкекте эки мас адамдын чыры сотко жетти

Бишкекте чала тааныш адам менен уруша кетип, ага бычак сайган адамга сот өкүмү чыкты. Бул тууралуу Жогорку соттун сайтында айтылат.

Аталган иш Бишкектин Свердлов райондук сотунда каралып, былтыр 20-декабрда өкүм чыгарылган.

Тергөөнүн версиясы боюнча, айыпталуучу адам өлтүрүүгө аракет кылган. Окуя былтыр июнь айынын аягында түндө болгон. Бишкектеги кафелердин биринде ичимдик ичип отуруп, Б.Б. аттуу айыпталуучу (аттары өзгөртүлдү) менен О.Н. аттуу жабырлануучунун ортосунда пикир келишпестик пайда болгон. Натыйжада айыпталуучу столдун үстүндө турган бычакты алып, жабырлануучуну далыга, көкүрөк, бөйрөк, курсак тушка бычак сайган. Андан кийин бөтөлкө менен башка чаап өлтүрүүгө аракет кылып, бирок кылмыштуу аракетин аягына чыгара албай калган.

Жыйынтыгында жабырлануучу Бишкектеги ооруканалардын биринин жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Айыпталуучунун көрсөтмөсү боюнча, ал Ч.Т. аттуу жаран менен телеграм аркылуу таанышып, окуя болгон күнү Бишкектеги кафелердин биринде жолуккан. Ал жерден Ч.Т. аны О.Н. менен тааныштырган. Аны мурда таанычу эмес. Андан кийин алар жалпы үч бөтөлкө арак ичишкен. Кафеде отурганда О.Н. аны уят сөздөр менен тилдей баштаган. Ошол учурда жабырлануучу ал сөздөргө чыдай албай, О.Н.ди ич тарапка урайын деген. Бирок столдун үстүндөгү бычакты алып, аны сайып жибергендигин билбейт. Жабырлануучу жерге кулап түшкөндө, эшик тарапты көздөй басып, кайра артка келип караса жабырлануучу канга боелуп жаткан экен. Ошондо ал «тез жардам»  деп кыйкырган. Андан кийин аны милиция кызматкерлери кармап кеткен.

Сотто ал күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алып, жасаган ишине өкүнүп жатканын, жабырлануучуну өлтүрүүгө аракет жасабаганын айткан. Ошондой эле ал жабырлануучуга келтирилген зыян төлөнүп берилгенин жана мындан кийин да төлө берерин, ага карата пробациялык көзөмөл колдонууну суранган.

Соттук процессте жабырлануучу билдиргендей, окуя болгон күнү сыра ичип, кафелердин бирине кирген. Ал жактан Ч.Т. аттуу киши менен таанышып калган. Ал экөө чогуу отуруп, арак иче баштаган. Бир аз убакыттан кийин Б.Б. аттуу адам келген. Алар үч бөтөлкө арак ичип, ал аябай мас болуп калган. Окуя кандай, эмне болгону эсинде жок, эсине келип ойгонгондо ооруканада жатканын билген. Ага болгон окуяны дарыгерлер түшүндүрүп берип, ага 12 жолу бычак сайылганын айткан.

Анын айтымында, азыркы тапта анын абалы жакшырып калган. Айыпталуучунун ата-энеси ал ооруканада жатканда, жардам катары акча беришкен. Учурда анын айыпталуучуга карата эч кандай доо-арызы жок. Ошондой эле айыпталуучуну кечирип, алар жарашуу тууралуу макулдашуу түзгөн.

Сот тараптарды угуп, окуянын жагдайларын карап, айыпталуучу жабырлануучуну түздөн-түз өлтүрүү ниети болгон эмес деген тыянакка келген. Ошол эле учурда айыпталуучунун аракеттерин өзгөчө мыкаачылык менен бейбаштык максатта денеге оор залал келтирүү деп баалаган.

Соттун өкүмү менен айыпталуучу сегиз жылга эркинен ажыратылган. Ошол эле учурда ага карата беш жылдык пробациялык көзөмөл белгиленип, жаза өтөөдөн бошотулган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>