13 млн. сомго аба кемелеринин декларацияланбаган факты табылды

13 млн. сомго аба кемелеринин декларацияланбаган факты табылды

13 миллион сомго аба кемелеринин декларацияланбаган фактысын аныкталды. Бул туурасында Бажы кызматынан билдирди.

Маалыматка караганда, “Манас” бажысынын кызматкерлери тарабынан контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан товарларды жана транспорт каражаттарын, тактап айтканда аба кемесин декларациялабоо фактысын аныкташкан.

2021-жылдын 26 жана 30-июлунда Кыргызстандын аймагына Пакистан-Бишкек маршруту боюнча рейстери менен “А.М.Э” ЖЧКсынын дарегине “AVRO 146 –RJ85” эки аба кемеси келгендиги аныкталган. Борттогу товарлардын наркы 12 971 063,27 сомду түзгөн.

ЕАЭБдин мыйзамдарына ылайык, товарларды бажы жол-жобосуна жайгаштыруу менен байланыштуу бажы операцияларын жүргүзүү каралган. Аталган аба кемелерине карата келген учурдан баштап кандайдыр бир бажы операциялары жүргүзүлгөн эмес.

Бул факт КБР АМС МЭЖге катталган, материалдар ведомстволугуна караштуулугу боюнча Башкы прокуратурага берилген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>