Бишкекте психотроптук заттар менен алектенген топ кармалды

Бишкекте психотроптук заттар менен алектенген топ кармалды

5-июнь күнү Бишкек шаарынын аймагынан өлкөбүзгө психотроптук заттарды даярдоо, таңгактоо жана аларды таркатуу менен алектенген туруктуу баңгилик топ кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, шектүүлөрдүн унаасына тинтүү жүргүзүү учурунда арткы отургучтан “Альфа PVP” психотроптук заттар болгон 4 бөтөлкө салынган кара полимер баштыгы табылып алынган. Андан аркы тинтүү иш-чараларынын жүрүшүндө лаборатория аныкталып, ал жактан сатууга даярдалган 18 психотроптук зат менен баштык, таңгактоочү каражаттар, ошондой эле жашыруучу жайларды аныктоого буюмдар табылган.

Кыргызстандын аймагындагы операциянын алкагында баңгилик синдикаттын 4 катышуучусу кармалып, баңгилик лабораториянын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. (2001-ж.т. С.А. жараны (топтун уюштуруучусу), 2002-ж.т. А.А. жараны (таңгактоочу, кладмен), 2002-ж.т.
Б.Э. жараны (таңгактоочу, кладмен). 2003-ж.т. К.Ж. жараны).

Атайын операциянын аяктоочу этабы Казакстандын  Усть-Каменогорскидеги жана Шымкенттеги бир учурдагы 3 аймактык бангилик курьерлерди кармоо болгон.

Кыргызстандан алынган заттардын жалпы салмагы 3 кг ашуун салмакты түзгөн. Ошону менен бирге белгилей кетсек, Кыргызстандын аймагындагы синтетикалык баңгизаттарды сатуудагы болжолдуу киреше 13 млн 950 миң сомду түзмөк.

 

Тэги: баңгизат

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>