14-июнда Бишкектин айрым райондорунда суу өчүрүлөт

14-июнда Бишкектин айрым райондорунда суу өчүрүлөт

14-июнда борбор калаанын айрым райондорунда суу өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка караганда,  “Бишкексууканал”  өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын маалыматына ылайык, 14-июнда саат 09.00дөн 20.00гө чейин төмөнкү турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки балдар мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык-тиричилик объектилерине жана өнөр жай ишканаларына таза суу берүү токтотулат.

Сельский суу алгычында жана шаардагы таза суу түтүктөрүндө профилактикалык оңдоо иштерине байланыштуу суу өчүрүлөт.

Өчүрүү аймагы- “Тунгуч” кичирайону, “Рухий Мурас”, “44 Га”конуштарын камтыйт.

Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын суранат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>