Түндө Бишкектеги кампадан ири өрт чыкты — видео

Түндө Бишкектеги кампадан ири өрт чыкты — видео

Бүгүн, 9-июнга караган түнү Бишкек шаарынын Октябрь районуна караштуу Матросов көчөсүнүн 1А (Сыр База) дарегинде жайгашкан кампалардан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, өрттү өчүрүүгө түнкү саат 01:39дан тарта ӨКМден жалпы 10 (унаа) күжүрмөн эсеп тартылды. Ошондой эле Бишкек шаардык куткаруу кызматынан 1 топ, Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун ыкчам тобу, штаб тартылган.

Мындан сырткары жеринде ИИМден 3 экипаж, Тез жардам кызматынан 1 бригада, РЭТтен 1 бригада, “Тазалык” ишканасынан Суу ташуучу унаа тартылды.

Тилсиз жоо саат 04:39да чектөөгө алынып, учурда толук өчүрүү иши жүрүүдө. Өрттүн болжолдуу аянты 3800 чарчы метр түзөт.

Өрт өчүрүүчүлөрдүн ыкчам аракетинен улам ламинат курулуш материалдары, эшик, терезелер, 270 чарчы метр аянттагы кампада сакталган тазалоочу каражаттар жана жакын жайгашкан кампалар сакталып калды.

Ошондой эле Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары тарабынан 22 кислород баллону, 5 пропан толтурулган баллон ыкчам түрдө чыгарылып, жарылып кетүү коркунучу жоюлду. Учурда өрттү толук өчүрүү иши жүрүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>