Кыргызстанда РФ Мамлекеттик Думасына шайлоо үчүн төрт шайлоо тилкеси ачылатКыргыз-Кытай технологияларды трансферлөө борборунун филиалы ачылдыКыргызстан менен Корея соода жана инвестиция жаатында кызматташуу меморандумуна кол коюштуБишкекте Гоголь көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылат«Биз өзүбүздүн чоң үйүбүздү куруп жатабыз»: КРСУнун ректору Сергей Волков — университеттин келечеги тууралууБарскоон суусунда балыктардын өлүмү катталды. Учурда иликтөө жүргүзүлүүдө
14-май: Коронавирус 38 кишиден табылды, 9 бейтап оорудан айыкты
14.05.2020 | 10:09
Кыргызстандын аймагында дагы 21 адамдан коронавирус аныкталып, ооруну жуктургандардын жалпы саны 1082ге жетти. Бул тууралуу бүгүн, 14-майда өткөн брифингде саламаттык сактоо министрлигинин орун басары Мадемин Каратаев билдирди.
СOVID-19 инфекциясынын жаңы жуктургандар төмөнкү аймактардан катталды: Бишкек ш. – 14;
Чүй облусу – 4, алардын ичинен 2 бейтап Соль-Илецктен келгендер;
Ош ш. – 1;
Жалал-Абад облусу – 4;
Нарын облусу – 15.
Ошондой эле бир сутка ичинде 9 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылды.
Ушуну менен коронавирустан айыгып чыккандардын саны 735ге жетти.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом