Экономика министрлиги алкоголдук ичимдиктерге акцизди жогорулатуу долбоорун кайтарып алдыЕАЭБ Пакистан менен эркин соода жөнүндө макулдашуу түзүүнү карап жатат«Көчөдө жашап, идиш жуучумун, эми өз үйүм болот» — Игорь БеляевКыргызстан менен Франция кардиология жана онкология жаатында кызматташатКыргызстандын мамлекеттик карызы 10,4 млрд долларга жетти«United Dance Weekend»: Бишкекте эл аралык бий фестивалы өтөт
15-августта Бишкектин бир бөлүгүндө суу өчүрүлөт
13.08.2025 | 13:01

15-августта саат 09:00дөн 20:00гө чейин Бишкектин Анкара көчөсү — Горький көчөсү, Аламүдүн дарыясы, темир жол линиясы жана Октябрь көчөсү чектелген аймагында турак жайларга, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана социалдык объектилерге ичүүчү суу берилбейт.
Мэриянын маалыматына ылайык, суунун өчүрүлүшүнүн себеби — ХБО суу алгычын реконструкциялоо.
«Бишкексууканал» муниципалдык ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууга чакырат.
Рубрики: Жаңылыктар