Kyrgyzstan Expo жана Expo Eurasia көргөзмөлөрү 15–17-октябрда «Жаштык Аренада» өтөтКараколдо «Открыткаларга түшпөгөн Кыргызстан» аттуу фотовыставка өтөтКыргызстанда башка айып пулдары бар болсо да эвакуацияланган унааларды кайтарып берүү сунушталуудаБишкекте «БишХолдер» эл аралык стол үстүндөгү ролдук оюндар фестивалы өтөтУлуттук банк чет өлкөлөрдөгү банктардын уставдык капиталына жаңы талаптарды сунуштады — долбоорШакира Бишкекке концертинен бир күн мурун, 17-октябрда учуп келет
УКМК: «Ак-Сай» цемент заводунун 10 га жер тилкеси имараттары менен кошо мамлекетке өткөрүлдү
13.08.2025 | 13:19

«Ак-Сай» цемент заводунун 10 га жер тилкеси имараттары менен кошо мамлекетке өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук Коопсуздук Мамлекеттик комитети билдирди.
Ош облусунун, Ноокат районундагы «Ак-Сай» цемент ЖЧКсы мыйзамсыз менчиктештирип алган 10 гектар жер тилкесинде завод куруп иштеткен. Буга чейин жер 2002-жылы компанияга берилген, бирок токтом чыгарууда Жер Кодексинин талаптары бузулган.
УКМК жүргүзгөн иликтөөнүн натыйжасында компаниянын жетекчиси цемент заводду жана жер тилкесин имараттары менен мамлекетке өткөрдү.
Рубрики: Жаңылыктар