Төө-Ашуудагы тоннелден аккан суу токтоду

Төө-Ашуудагы тоннелден аккан суу токтоду

Төө-Ашуудагы К.Көлбаев атындагы тоннелдин канализациясы оңдолуп, суунун сыртка агышы токтоду. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 12-13-июнь күндөрү Төө-Ашуудагы К.Көлбаев атындагы тоннелдин ичин суу каптап, айдоочуларга тоскоолдук жаралган. Оңдоо иштерине байланыштуу суу өткөрүүчү түтүктөр кумга толуп, суу жолго жайылган. Маселе тез арада колго алынып, аймакты тейлеген жолчулар тарабынан түтүктөр тазаланып, суу кеткен эле.

Бирок, бүгүн кайрадан кечээки абал кайталанып, тиешелүү техникалардын жардамы менен тазалоо иштери жүрдү. Азыркы тапта тоннелдин канализациясы оңдолуп, суунун сыртка агышы токтоду.

Тоннелдин ичиндеги жумуштар аягына чыкса, кийин мындай көйгөй жаралбайт.

Белгилей кетсек, тоннелдин ичин оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу унаардын өтүүсүнө маал-маалы менен чектөөлөр киргизилүүдө. Ага ылайык, эртең мененки саат 05:00дон 08:00го чейин, 10:00дон 12:00го чейин, 14:00дон 16:00го чейин жол жабылып жатканын дагы бир ирет айдоочулардын эсине салат. Аталган аймакта жол коопсуздугун ЖКККББнын инспекторлору көзөмөлдөп жатышат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>