Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Бүгүн Бишкекте төкмө акындардын айтышы болот
09.11.2022 | 09:00
Бүгүн, 9-ноябрда Бишкекте Кыргыз ССРнин эмгек сиңирген артисти, төкмө акын, обончу, комузчу, кыл кыякчы Токтосун Тыныбековдун 95 жылдыгына карата төкмө акындардын айтышы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Айтыштын тандоо туру 8-ноябрда “Манас” кинотеатрында болуп өткөн. Бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында айтыштын жарым финалы жана финалдык бөлүгү болот. Акындардын таймашы саат 18:00до башталат. Байге фонду 1 млн сом.

Айтыш Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргыз улуттук “Манас” театры, “Айтыш” коомдук фонду, Токтосун Тыныбеков атындагы коомдук фонду тарабынан биргеликте уюштурулууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз