Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Коомдук жайларда кальян чегүүгө мыйзам жол бербейт
09.11.2022 | 09:30
Коомдук жайларда кальян чегүүгө тыюу салынган, деп билдирди Саламаттыкты сактоо министрлигинин тамекиге каршы күрөшүү боюнча координатору Чынара Бекбасарова 8-ноябрда Бишкекте өткөн маалымат жыйынында.
«Эгер сиз тамеки чегүүнү кааласаңыз, анда үйдөн чыксаңыз болот. Башка жерлерде бул мүмкүн эмес, мыйзам тарабынан тыюу салынган. Бирок кемчиликтер бар, биз моюнга алабыз. Текшерүүлөр план боюнча жүрүп жатат», – деди ал.
Бекбасарова комплекстүү текшерүү системасы бар экенин белгиледи.
«Мораторий бар, биз алгач текшерүүгө уруксат алышыбыз керек, андан кийин гана текшерүү жүргүзөбүз. Кээ бир дүкөндөр жекшемби күнү тамекилерди ачык сатышат, анткени текшерүүлөр болбойт», – деп кошумчалады ал.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом