Жапырт камоолор: Камакта калтырган сот чечими — тизме

Жапырт камоолор: Камакта калтырган сот чечими — тизме

Ушул жуманын 9-11-ноябрь күндөрү Бишкек шаардык сотунда «массалык башаламандыктарга даярдык көрүүгө» шектелип камалган саясатчы жана активисттердин кармалышынын мыйзамдуулугу жана баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча соттук отурумдар болуп өттү. Үч күндө 22 киши боюнча соттук отурум болуп, алардын ичинен бир адам үй камагына чыгарылып, калгандары камакта калды.

Эскерте кетсек, буга чейин Биринчи райондук соту 26 кишини эки айга камап, бир адамды (Талант Эшалиев) ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарган. Алардын кармалышынын мыйзамдуулугу жана баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча жактоочулары Бишкек шаардык сотуна арызданган.

«Массалык башаламандыктарга даярдык көрүүгө» шектелип камакка алынгандардын дээрлик баары Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы чыгып, «Кемпир-Абадды» коргоо комитетин түзгөн саясатчы жана активисттер болгон.

Бишкек шаардык соттун чечими менен:

  1. Гүлнара Журабаева – камакта калды

2. Перизат Суранова – камакта калтырылды

3. Али Шабдан – камакта калды

  1. Таалайбек Мадаминов – камакта калтырылды

  1. Кеңешбек Дүйшөбаев – камакта калды

  1. Атай Бейшенбек – камакта калтырылды

  1. Айбек Бузурманкулов – камакта калды

  1. Клара Сооронкулова – камакта калтырылды

  1. Асия Сасыкбаева – камакта калды

  1. Рита Карасартова – камакта калтырылды

  1. Улукбек Маматаев – камакта калтырылды

  1. Равшан Жээнбеков – камакта калды

  1. Акыл Айтбаев – камакта калтырылды

  1. Кубанычбек Кадыров – камакта калтырылды

  1. Марат Баязов – камакта калды

  1. Чыңгыз Капаров – камакта калтырылды

  1. Эрлан Бекчороев – камакта калтырылды

  1. Бектур Асанов – камакта калды

  1. Канат Исаев – камакта калтырылды

  1. Айданбек Акматов – камакта калтырылды

  1. Нурлан Асанбеков – ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылды (1-ноябрдан 11-ноябрга чейин ачкачылык кармап, ден соолугу начарлап кеткен)

  1. Жеңиш Молдакматов – камакта калтырылды

Ошондой эле, аталган иш боюнча кармалган Орозайым Нарматова, Илгиз Шаменов, Азимбек Бекназаров жана Мамбетжунус Абыловдордун баш коргоо чаралары карала элек.

Эскерте кетсек, 22-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитети түзүлгөн. Анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген. 23-октябрда массалык тинтүү иштери башталып, 20дан ашык адам кармалып, алар 48 саатка камалган.

24-октябрда Бишкек шаарында Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы жердин Өзбекстанга берилишине жана активист, саясатчылардын камалышына каршы жөө жүрүш өткөн. 25-октябрда Биринчи май райондук соту тарабынан алар эки айга камакка алынган. 

Активист жана саясатчылардын камалышы боюнча ИИМ түшүндүрмө берип, Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу» менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын билдирген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>