Жиу-житсу: Дүйнө чемпионатында кыргызстандыктар 5 медаль утту

Жиу-житсу: Дүйнө чемпионатында кыргызстандыктар 5 медаль утту

Кыргызстандын жиу-житсу боюнча улуттук курама командасы Бириккен Араб Эмираттарынын борбору Абу-Дабиде өткөн Дүйнө чемпионатында беш медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Медалдардын экөө күмүш болсо, үчөө коло байге. 85 кг салмакта Иса Ахмедов жана пара жиу-житсу боюнча 77 кг салмакта Азат Бакиров күмүш байгеге татыган.

Ал эми 56 кг салмакта Жылдызбек Абылов, 50 кг салмакта Нуртилек Сатыбалдиев жана 46 кг салмакта Абдулла Рахманов 3-орунду ээлеген.

Белгилей кетсек, Дүйнө чемпионаты 29-октябрдан 8-ноябрга чейин Абу-Дабиде өткөн.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>