«Манас» аэропорту 51 жылдыгын белгилөөдө: масштабдуу модернизациялоонун жыйынтыктары жана келечектеги пландарКыргызстандын тоолорунда кар көчкүдөн кийин чет элдик туристтер куткарылдыКыргызстанда эмне үчүн 1-майдан 10-майга чейин эс алышат: түшүндүрөбүзКыргызстан менен Сейшел Аралдары визасыз режим тууралуу макулдаштыБишкек Жеңиштин 81 жылдыгын белгилейт: иш-чаралардын толук программасыКыргызстандын өспүрүмдөр курамасы хоккей боюнча Азия кубогунун күмүш байгесин жеңип алды
Бажы кызматы мыйзамсыз ташылып келе жаткан 3 млн сомдук товарды кармашты
23.01.2020 | 18:01
Ош облусуна караштуу Ноокен районундагы Көк-Жар айлында кыргызстандык жарандын башкаруусундагы «Мерседес-Бенц 412» үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Аны текшерүүгө алганда ичинен жалпы 168 миң пачка «Orbit» маркасындагы сагыз табылды. Аталган товар аткезчилик жол менен ташылып келе жатканы аныкталганын Бажы кызматынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, айдоочу товарды тастыктаган тийиштүү документтерди көрсөтө алган эмес. Кармалган товардын орточо базар баасы 3 миллион 24 миң сомду түзөт.
Учурда бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каталып, материалдар тергөөгө өткөрүлүп берилди.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар