Баткенде 40 миң тоокко ылайыкталган ферма ачылат

Баткенде 40 миң тоокко ылайыкталган ферма ачылат

Баткен шаарынын Чет-Булак кварталындагы өнөр жай зонасында  40 миң тоокка ылайыкталган ферма курулууда. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда ферманын курулушу, жабдууларын орнотуу иштери дээрлик аяктады.

“Жабдуулар Түркиядан алынып келинген. Иш процесси, заманбап технологиянын жардамы менен автоматташтырылган ыкмада жүрөт. Жакынкы күндөрү тоокторду алып келүү күтүлүүдө. Ферма пайдаланууга берилсе күнүнө 35 миңге жакын жумуртка алынып, жалпы 15 жумуш орун түзүлөт. Ал эми өндүрүлгөн продукция импорт жана экспортко чыгат”, — деп айтылат маалыматта.

Белгилеп кетсек, тоок ферманы куруу үчүн  ишкер Адилет Абдувалиевге мамлекет тарабынан 30 млн сом жеңилдетилген насыя берилген.

Облус башчысы Абдикарим Алимбаев облустагы алгачкы автоматташтырылган ыкмада иштеген эң чоң ишкананын толук кандуу ишке кириши, мамлекеттин көзөмөлүндө экенин белгиледи.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>