Жүк ташуучу унаалар чогулган «Ак-Тилек» бекетинде чатырлар тигилди

Жүк ташуучу унаалар чогулган «Ак-Тилек» бекетинде чатырлар тигилди

Чүй облусунун аймагындагы “Ак-Тилек-автодорожный” көзөмөл-өткөрүү пунктунун алдындагы жүк ташуучу унаалар топтолгон жерге чатырлуу жардам пункттары орнотулуп иштеп жатат. Бул тууралуу преизденттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, аларда айдоочуларга медициналык, психологиялык, консультациялык жана башка жардам көрсөтүү үчүн бардык шарттар түзүлүп, ысык тамак уюштурулган.

Мындай тапшырманы президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Джумагазиев райондук түзүмдүк бөлүмдөргө жана жергиликтүү бийлик органдарына президенттин администрациясынын жана Министрлер кабинетинин төрагасынын көрсөтмөлөрүнө ылайык берген.

Бүгүн, 22-августта аталган жерде Чүй облусу боюнча жарандык коргонуу комиссиясынын облустук жыйыны өттү. Жүргүзүлүп жаткан иштер менен президенттин өкүлү жеке өзү таанышты.

Кошумчалай кетсек, учурда тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан жол кыймылынын коопсуздугун жана коомдук тартипти камсыздоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп, тез бузулуучу жүктөрдү ташыган унаалардын өтүүсүнө шарттар түзүлүүдө.

Кыргыз-казак чек арасы: «Ак-Тилек» бекетинде кезек күткөн унаалардын саны 430га жетти

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>