2-февралга карата аба ырайы

2-февралга карата аба ырайы

Кыргызгидромет билдиргендей, түнкүсүн Талас, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда, дыйканчылык аймактарында кар жаашы мүмкүн. Чүй, Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Жолдор тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусу

түнкүсүн -4…+1

күндүз +5…+10

Талас облусу

түнкүсүн -1…-6

күндүз +4…+9

Баткен облусу

түнкүсүн -3…+2

күндүз +5…+10

Ош, Жалал-Абад облустары

түнкүсүн -3…+2

күндүз +5…+10

Ысык-Көл облусу

түнкүсүн 0…-5

күндүз +1…+6

Нарын областы

түнкүсүн -10…-15

күндүз -1…-6

Бишкек шаарында түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында жаан-чачын күтүлбөйт. Андан соң жаан, кар жаайт. Жолдор тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын төмөнкү температурасы түнкүсүн 0…-2°, күндүзгү жогорку температурасы 8…10° жылуу болот.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: аба ырайы

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>