Айыл чарба министрлиги Кыргызстан, Орусия жана Казакстандагы азык-түлүк бааларын салыштырды

КР Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги 23-июлда республикадагы жана коңшу Орусия менен Казакстандагы азык-түлүк бааларына салыштырмалуу мониторинг жүргүздү. Мониторингдин алкагында нан, картошка, жашылча, мөмө-жемиш, эт, сүт, кумшекер, жумуртка, өсүмдүк майы жана башка товарлар каралды.
Кыргызстанда баш пияз (+3,5%), сабиз (+3%), тоок жумурткасы (+2,7%), спагетти (+0,5%), жергиликтүү өндүрүштөгү биринчи сорттогу ун (+0,3%), тандыр нан (+0,1%), сөөксүз уй эти (+0,1%) жана кумшекер (+0,1%) кымбаттады. Ал эми сөөксүз кой эти 0,2%га арзандаган.
Казакстанда капуста (+0,9%), кой эти (+0,6%), балык (+0,6%), кумшекер (+0,6%), кефир (+0,4%), сары май (+0,4%), пияз (+0,4%), нан (+0,3%), картошка (+0,3%), туз (+0,3%), күрүч (+0,2%) жана башка бир катар товарлар — уй эти, жылкы эти, фарш, сыр, быштак, каймак, күн карама майы (0,1%дан) кымбаттады. Ал эми бадыраң 4,6%га, помидор — 3,2%га, сабиз — 3,2%га, жумуртка — 0,4%га, ун — 0,3%га, тоок эти — 0,2%га, сүт жана чай — 0,1%га арзандаган.
Орусияда кумшекер 1,8%га, гречка — 0,8%га, сабиз жана туз — 0,4%га, ун — 0,4%га, жогорку сорттогу ундан жасалган макарон — 0,3%га, вермишель жана сүт — 0,2%га, сөөксүз уй жана кой эти — 0,1%га кымбаттады. Ошол эле учурда бадыраң 6,3%га, помидор — 3,8%га, жумуртка — 1,3%га, картошка жана пияз — 0,4%га, сары май — 0,2%га, каймак жана сыр — 0,1%га арзандаган.