Brent мунайынын баасы Ирандагы кырдаалдан улам июндан бери биринчи жолу баррелине 96 доллардан ашты

Brent мунайынын сентябрь айындагы фьючерсинин баасы 11-июндан бери биринчи жолу баррелине 96,31 долларга чейин көтөрүлдү. Баанын кескин өсүшүнө АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Ирандын июнь айында башталган тынчтык сүйлөшүүлөрүнө «олуттуу мамиле кылбай жаткандыгы» тууралуу билдирүүсү себеп болду. Бул тууралуу дүйнөлүк ММКлар жазып чыгышты.
Өсүш этап-этабы менен болду: 22-июль күнү эртең менен котировкалар 94 доллардан жогору көтөрүлүп, андан соң дагы 4,5%га кошулуп, 95,19 долларга жетти жана өсүүнү улантты.
Эске салсак, өткөн аптада Жакынкы Чыгыштагы геосаясий чыңалуунун курчушунан улам мунайдын баасы март айынан берки эң чоң жумалык өсүштү (болжол менен 16%) көрсөткөн. Анда котировкалар баррелине 120 долларга чейин көтөрүлүп, аптаны 88,1 доллар деңгээлинде жыйынтыктаган эле.