№20 округдан жаңы депутат Жогорку Кеңеште ант берди

Жогорку Кеңештин жыйынында Максат Алымбеков депутаттык ант берди. Ал №20 округ боюнча депутат болуп Темирлан Айтиев ыйгарым укуктарын тапшыргандан кийин катталган.
Буга чейин Алымбеков парламент төрагасы Марлен Маматалиевдин кеңешчиси болуп иштеген. Ошондой эле Бишкек шаардык кеңешинин 28- жана 29-чакырылыштарынын депутаты жана «Ынтымак» фракциясынын лидери болгон.
Максат Алымбеков 1984-жылдын 5-июнунда туулган. Билими боюнча юрист жана экономист. Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы кеңешчиси наамына ээ.
Эске салсак, ушул жылдын 12-майында Борбордук шайлоо комиссиясы Темирлан Айтиевдин жеке арызынын негизинде Жогорку Кеңештин депутаты катары ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон. Анын ордуна ошол округдан кийинки эң көп добуш алган талапкер мандатка ээ болгон.