Asman Airlines биринчи масштабдуу Open Day иш-чарасын өткөрдү: 100 орунга 2500 арыз түштүКаржы министрлиги ата-энелерден 2,5 млрд сом чогултулганы тууралуу маалыматты четке кактыФутбол: Бишкекте Кыргызстан менен Ливандын курама командаларынын беттеши өтөтТЭН жана инвесторлор болсо, метро курууга даярбыз — Бишкек шаарынын мэриАгартуу министрлиги Бишкекте кайсы бала бакчаларда бош орундар бар экенин маалымдадыИИМ: Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы коррупцияга шектелип кармалды
ИИМдин аскерлери Росгвардиянын окуу жайларында билим алышат
28.09.2023 | 11:46
ИИМдин Ички аскерлеринин кызматкерлерин Россиянын Улуттук гвардиясынын аскерлеринин федералдык кызматынын аскердик окуу жайларында окутуу жөнүндө келишимге кол коюлду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Документке 27-сентябрда ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов менен Россиянын Улуттук гвардиясынын аскерлеринин федералдык кызматынын директорунун орун басары Олег Плохой кол койгон.
Келишимге ылайык, ИИМдин ички аскер кызматкерлери Росгвардиянын окуу жайларында Россиянын өкмөтү бөлгөн квотанын негизинде акысыз билим алышат.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом