Бишкекте 203 орундуу жаңы перинаталдык борбор ачылды

Бишкекте 203 орундуу жаңы перинаталдык борбор ачылды

Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда перинаталдык борбор ачылды. Ачылыш аземге президент Садыр Жапаров катышты.

Саламаттык сактоо министрлиги борбор дүйнөлүк стандарттарды эске алуу менен курулуп, заманбап медициналык жабдуулар менен жабдылганын билдирди. Объект 203 койкага ылайыкташкан.

Курулуш иштери Германия өнүктүрүү банкынын гранттык каражаттарынын эсебинен жүргүзүлгөн.

Бул жерде кош бойлуу кезинде патологиясы бар аялдарга жана майыптыгы менен төрөлгөн балдарга медициналык жардам көрсөтүлөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>