Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Марлен Маматалиев менен болгон талаштан кийин кечирим сурадыБишкекте асма метро куруу мүмкүнчүлүгү каралуудаБишкектин бир бөлүгүндө 23-октябрда ичүүчү суу убактылуу токтотулатУлуттук банк эки төлөм уюмуна 6,2 млн сом айып пул салдыКыргызстандагы 25 мектепке «Starlink» спутниктик интернетинин терминалдары тапшырылдыКыргызстанда балдардын онкологиясына бөлүнгөн каржылоо беш жылда үч эсе өстү
Муфтийдин кызмат ордуна сынак 10-февралга белгиленди
26.01.2024 | 22:23
Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгынан муфтийдин кызмат ордуна сынак жарыялангандыгын билдиришти.
Талапкерлер 2024-жылдын 27-январынан 6-февралына (саат 17:00гө чейин) чейин документтерди тапшырышы керек.
Дареги: Бишкек шаары, Жибек-Жолу проспектиси, 264/3. Муфтияттын имараты (2-кабат, 11-бөлмө).
Ушул жылдын 10-февралында Кыргызстан мусулмандарынын кезексиз курултайы чакырылып, анда өлкөнүн муфтийи тандалат.
Белгилей кетсек, бүгүн, 26-январда Замир Ракиев Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгынын жетекчилигинен кетти.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар