Бишкектин «Мурас Ордо» конушунда 29-октябрда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөтСадыр Жапаров Түркияга иш сапары менен баратАйпери Медет кызы Астанадагы Дүйнө чемпионатында коло байге үчүн күрөшөтЭксперт: Кыргызстан бир нече жыл бою Россиядан күйүүчү май албай калышы мүмкүнКанат Эшатов: Кыргызстанда күйүүчү майдын чекене баалары жыл аягына чейин өзгөрбөйтКыргызстан менен Катардын ортосунда Ишкерлер кеңеши түзүлөт
21-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат
20.08.2019 | 16:46
Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, 21-августта түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Күндүз жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Баткен, Чүй облустарында түнкүсүн 13…18, күндүз 31…36,
Жалал-Абад, Ош дубандарында түнкүсүн 14…19, күндүз 31…36,
Талас жергесинде түнкүсүн 14…19, күндүз 27…32,
Нарын аймагында түнкүсүн 4…9, күндүз 20…25,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 18…23,
Бишкек шаарында түнкүсүн 15…17, күндүз 34…36 градус болот. Баш калаада батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Жаан-чачын болбойт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом