Түштүк Кореядагы массалык мушташта кыргызстандыктар жабыркады — КР ТИМи«Бала ырысы» жөлөк пулун алуучулардын саны октябрь айында 252,7 миңге жеттиГрузиядан алдамчылыкка айыпталган эки адам Кыргызстанга экстрадицияландыИлгиз Тапаев «Учкун» ААКтын башкы директору болуп дайындалдыБишкекте жашылдандыруу маселесине арналган Экологиялык кеңештин ачык жыйыны өтөтКР жогорку окуу жайлары карыз үчүн диплом жана аттестаттарды кармап калууга укуксуз — акыйкатчы
22-сентябрь: Өлкөнүн кээ бир аймактарында жаан жайт
21.09.2021 | 17:35
Эртең, 22-сентябрда өлкөнүн кээ бир аймактарында өткүн өтүп күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен маалымдалды.
Маалыматка ылайык, күндүз Ысык-Көл облусунун кээ бир жерлеринде, Чүй, Ош облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Калган аймактарда жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +22…+27;
Талас жергесинде түнкүсүн +4…+9, күндүз +20…+25;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн +10…+15, күндүз +25…+30;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +20…+25;
Нарында түнкүсүн +2…+7, күндүз +20…+25;
Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт, абанын температурасы түнкүсүн +8…+10, күндүз +24…+26 градус болот.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом