22,3 млн сом зыян. «Бишкек санитардык полигону» ишканасынын жооптуу адамдарына иш козголду

22,3 млн сом зыян. «Бишкек санитардык полигону» ишканасынын жооптуу адамдарына иш козголду

Бишкектеги санитардык полигонго тосмолорду орнотуу боюнча өткөрүлгөн тендерде мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, 2022-жылы январдын аягында «Бишкек санитардык полигону» муниципалдык ишканасы таштанды таштоочу жайдын тегерегине бетон тосмолорун орнотуу боюнча тендер жарыялаган. Бетон тосмолорун орнотууга Бишкектин мэриясы тарабынан 22 млн 320 миң сомдон ашык акча бөлүнгөн.

Сынакка катышуу үчүн эки компания арыз берип, «АБК Голд» ЖЧКсы жеңүүчү деп табылган. 2022-жылы декабрда аталган компания менен келишим түзүлгөн. Ошондон тарта компания тосмолорду орнотуу иштерине киришкен. Келишимге ылайык, иш 60 күндүн ичинде бүткөрүлүшү керек болчу. Бирок аталган жумуштар алигиче бүткөрүлө элек. Ошондой эле «Бишкек санитардык полигону» ишканасынын кызмат адамдары азыркыга чейин сметалык документтерди көрсөтө элек.

Аны менен бирге ишкананын кызмат адамдары акчаны компанияга ар бир аткарылып бүткөн жумуш үчүн бөлүп-бөлүп эмес, толугу менен которуп берип салган. Ошол эле учурда аткарылган иштер талаптарга жооп бербейт. Тосмо үчүн эски бетондор колдонулганы аныкталган.

Натыйжада «Бишкек санитардык полигону» ишканасынын кызмат адамдары тарабынан мамлекетке 22 млн 324 миң сомдон ашык зыян келтирген.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесине (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) ылайык кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Тэги: Бишкек ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>