24-мектептеги окуя. Жабыркаган окуучунун ата-энеси дооматынан баш тартты

24-мектептеги окуя. Жабыркаган окуучунун ата-энеси дооматынан баш тартты

Бишкектеги 24-мектепте жабыркаган  3-класстын окуучусунун ата-энеси дооматынан баш тартты. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Бишкек шаардык мэриясынан билдирди.

Муниципалитеттин маалыматында, окуя 17-январда болгон. Танапис учурунда 11-класстын окуучусу жаш баланы көтөрүп чаап, бармагын сындырган.

«Ошол эле күнү мектеп жетекчилиги милициянын жашы жете электер менен иштөө инспектору менен бирге окуяны териштирип, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн. Жогорку класстын окуучусу каттоого алынды. Жабыркаган баланын ата-энеси дооматынан баш тартты», — дейт мэрия.

Эскерте кетсек,  24-мектепте болгон окуянын видеосу интернетте жарыяланган. Facebook социалдык тармагынын колдонуучусу Бермет Турсунакундун айтымында, жогорку класстын окуучулары буга чейин дагы жаш балдарды ушундай жол менен шылдыңдап келишкен.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>