3-июль: Кыргызстанда +33°Cка чейин жылып, жаан жаап, күн күркүрөйт

Бүгүн, 3-июлда түнкүсүн жана күндүз Кыргызстандын аймагынын басымдуу бөлүгүндө жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы божомолдонууда. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн, – деп билдирет Кыргызгидромет.
Мекеменин маалыматына ылайык:
- Чүй облусунда түнкүсүн +15…+20°C, күндүз +27…+32°C;
- Талас облусунда түнкүсүн +11…+16°C, күндүз +24…+29°C;
- Ош облусунда түнкүсүн +16…+21°C, күндүз +28…+33°C;
- Жалал-Абад облусунда түнкүсүн +16…+21°C, күндүз +28…+33°C;
- Баткен облусунда түнкүсүн +16…+21°C, күндүз +28…+33°C;
- Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +11…+16°C, күндүз +19…+24°C;
- Нарын облусунда түнкүсүн +10…+15°C, күндүз +17…+22°C.
Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с, 14 м/с чейин күчөшү мүмкүн. Абанын эң төмөнкү температурасы түнкүсүн +17…+19°, эң жогоркусу күндүз +28…+30° болот.
Чолпон-Ата шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с жетет. Абанын эң төмөнкү температурасы түнкүсүн +12…+14°, эң жогоркусу күндүз +20…+22° болот.