Экономика министрлиги алкоголдук ичимдиктерге акцизди жогорулатуу долбоорун кайтарып алдыЕАЭБ Пакистан менен эркин соода жөнүндө макулдашуу түзүүнү карап жатат«Көчөдө жашап, идиш жуучумун, эми өз үйүм болот» — Игорь БеляевКыргызстан менен Франция кардиология жана онкология жаатында кызматташатКыргызстандын мамлекеттик карызы 10,4 млрд долларга жетти«United Dance Weekend»: Бишкекте эл аралык бий фестивалы өтөт
«75 иши» боюнча өкүм: Ташиев, Зулушев жана Тургунбек уулу төрт жылдан соттолду
02.07.2026 | 21:33

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту «75 иши» деп аталган иш боюнча өкүм чыгарды. УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев күнөөлүү деп табылып, мүлкүн конфискациялоо менен төрт жылга эркинен ажыратуу жазасына кесилди. Бул тууралуу ММКлар жазышууда.
Ушундай эле жаза мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушевге жана Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна да чектелди.
Ошол эле учурда сот Бекболот Талгарбековду, Аалы Карашевди, Эмиль Узакбаевди, Курсан Асановду жана Курманбек Дыйканбаевди күнөөсүз деп тапты.
Буга чейин мамлекеттик айыптоочу иштин бардык негизги фигуранттарына тогуз жылдан эркинен ажыратуу жазасын чектөөнү суранган.
Теги: суд