3 жашка чейинки балдарга үй-бүлөлүк кирешесине карабай жөлөкпул чегерүү сунушталууда

3 жашка чейинки балдарга үй-бүлөлүк кирешесине карабай жөлөкпул чегерүү сунушталууда

Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева мамлекеттик жөлөкпулдун жаңы түрүн — “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” берүүнү сунуштайт. Эл өкүлү демилгелеген мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Ага ылайык бийик тоолуу жана алыскы калктуу конуштарда жана ѳзгөчө статуска ээ чек ара аймактарында жашаган 3 жашка чейинки баласы бар жарандарга колдоо көрсөтүлөт. Алар социалдык, экономикалык абалына карабай айына 5 миң сомдон кем эмес жөлөкпул алып турушат.

Депутат долбоор 3 жашка чейинки балдардын жашоонун минималдуу деңгээлин камсыз кыларын, катаал шартта жашаган үй-бүлөлөрдүн социалдык-экономикалык көйгөйлөрүн чечүүнүн бир механизми экенин белгилейт.

Белгилей кетсек, учурда «балага сүйүнчү», «үй-бүлөгө көмөк»,  «социалдык жөлөкпул» жана  ата-энесинин экөө тең белгисиз балдарга төлөнүүчү ар айлык жөлөкпул бар.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>