Ноокен райондук милициянын имараты оңдоп-түзөөдөн өттү

Ноокен райондук милициянын имараты оңдоп-түзөөдөн өттү

Жалал-Абаддын Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнүн имаратынын ички бөлүгү жана сырты оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Оңдоо иштери ички иштер министри Улан Ниязбековдун 7 багыттагы приоритеттүү тапшырмаларынын негизинде жүргүзүлгөн.

«Терезелери пластиктен жасалып, эшиктери алмаштырылды. Окуу бөлмөсү заманбап стол, стулдар менен камсыздалды. Жазуулары жаңыдан жазылып, керилме шыпталар тартылды. Бардык электр чубалгылары алмаштырылып, кайрадан монтаждоо иштери жүргүзүлдү. Кызматкерлердин окуу машыгуусун өткөрүүчү жайга асфальт төшөлүп, сызыктары жаңыдан чийилди. Имарат алдындагы жер тилкеси айдалып, көрктөндүрүүгө даярдалды. Оңдоо иштери ИИМдин жана жеке демөөрчүлөрдүн колдоосу менен ишке ашты», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле милициядан билдиришкендей, район аймагына видеокамераларды орнотуу иштери жүрүүдө.

«Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте жыл башынан тарта 30 жерге видеокамералар орнотулуп, милициянын нөөмөт бөлүмдөрүнө туташтырылган. Коомдук жайлардагы тартипти нөөмөттө турган кызматкерлер көзөмөлгө алып турат. Жалпысынан азыркы учурда район аймагында 219 видеокамералар иштейт«, — деп билдиришти облустук милициядан.

Ноокен райондук ички иштер бөлүмүн 2023-жылдын март айынан тарта Уланбек Коноев жетектеп келет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>