Кыргызстандагы салык органдарынын кызматкерлери 31-август – Эгемендик күнү кадимки тартипте иштешет. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.
«Андыктан, салык төлөөчүлөр ушул күнү мүлк салыгынын суммасын эсептөө боюнча консультация ала алышат», — деп билдирет Салык кызматы.
Белгилей кетсек, 1-сентябрда транспорт каражаттарына, турак үйлөргө, батирлерге, ошондой эле үй жанындагы короо жай жана бак-чарба жер тилкелери үчүн салык төлөө мөөнөтү аяктайт.
Салыктарды каалаган банктын кассасынан, почта бөлүмүнөн, төлөм жана POS-терминалдардан, мобилдик жана Интернет-банкинг аркылуу, ошондой эле төлөм карталарын жана башка перифериялык жабдыктарды колдонуу менен төлөөгө болот.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз