Акжол Махмудов Астанадагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыктыМСК Душанбе шаарында салыктык башкарууда ЖИ колдонуу тажрыйбасын тааныштырдыЛионель Месси Астурия принцессасынын сыйлыгынын лауреаты болдуЕгипет 1-ноябрдан тарта туристтер үчүн өлкөгө кирүү эрежелерин өзгөртөтБишкекте мотоскутер айдаган өспүрүм каза болгон жол кырсыгынан кийин кылмыш иши козголдуАксы районунда беш жылда 78 объект пайдаланууга берилип, күн электр станциясы курулат
31-августта салык органдары кадимки тартипте иштейт
30.08.2023 | 16:21
Кыргызстандагы салык органдарынын кызматкерлери 31-август – Эгемендик күнү кадимки тартипте иштешет. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.
“Андыктан, салык төлөөчүлөр ушул күнү мүлк салыгынын суммасын эсептөө боюнча консультация ала алышат”, – деп билдирет Салык кызматы.
Белгилей кетсек, 1-сентябрда транспорт каражаттарына, турак үйлөргө, батирлерге, ошондой эле үй жанындагы короо жай жана бак-чарба жер тилкелери үчүн салык төлөө мөөнөтү аяктайт.
Салыктарды каалаган банктын кассасынан, почта бөлүмүнөн, төлөм жана POS-терминалдардан, мобилдик жана Интернет-банкинг аркылуу, ошондой эле төлөм карталарын жана башка перифериялык жабдыктарды колдонуу менен төлөөгө болот.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом