Согушка катышканы үчүн 10 жылга соттолгон жарандын иши кайра каралат

Согушка катышканы үчүн 10 жылга соттолгон жарандын иши кайра каралат

Украинадагы согушка катышканы үчүн Кыргызстанда 10 жылга соттолгон Аскар Кубанычбек уулунун иши кайра кароого жөнөтүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 30-августта Жогорку соттон билдиришти.

Маалыматка караганда, Жогорку сот биринчи жана экинчи инстанциялардын Аскар Кубанычбек уулун 10 жылга эркинен ажыратуу тууралуу өкүмдөрүн жокко чыгарган. Эми аталган иш Биринчи май райондук сотунда башка соттук курам тарабынан каралат.

Эскерте кетсек, Аскар Кубанычбек уулу Украинадагы согушка катышканы үчүн УКМК тарабынан быйыл 12-январда кармалган. Ал өзүн «Луганск Элдик Республикасы» деп атаган жикчил аймакта (Украинанын аймагы, былтыр Россия тарабынан аннексияланган) Россия тарапта согушка катышкан. Аскар Кубанычбек уулу Биринчи май райондук соту тарабынан 10 жылга соттолгон. Кийинчерээк Бишкек шаардык соту өкүмдү күчүндө калтырган.

Соттолгондон кийин Аскар Кубанычбек уулу россиялык Russia Today басылмасына маек куруп, Россиядан жардам сурап, жарандык берүүнү өтүнгөн. Анын кайрылуусунан кийин Россиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова Аскар Кубанычбек уулуна жарандык берүү маселе боюнча иш жүргүзүлүп жатканын билдирген.

Былтыр 24-февралда Россия Украинага кол салган. Анда тутанган согуш азыркы күнгө чейин уланып келет.

Кийинчерээк Украинадагы согушка Кыргызстандын жарандары да катышып жатканы белгилүү болгон. Ага байланыштуу Кыргызстандын укук коргоо органдары чет жердеги, анын ичинде Украинадагы согушка катышкан өлкө жарандары мыйзам чегинде жоопко тартыларын бир нече жолу эскерткен.

Украинадагы согушка катышканы үчүн соттолгон кыргызстандыктын маеги

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>