УКМК: Ортомчулук кылган аял 20 миң сом пара менен кармалды (видео)

УКМК: Ортомчулук кылган аял 20 миң сом пара менен кармалды (видео)

Бишкек шаарындагы билим берүү тармагындагы коррупциялык схемага бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Ленин райондук билим берүү башкармалыгынын башкы адиси (А.Г.М.) башка райондук билим берүү башкармалыктарынын жооптуу кызматкерлери жана А.К.О. аттуу жаран менен сүйлөшүп алып, балдарды 1-класска акча алып киргизүү боюнча коррупциялык схеманы уюштурган.

УКМКдан билдиришкендей, А.К.О. аттуу жаран ортомчулук кылып, 20 миң сом параны алып жатканда колго түшүрүлгөн.

«Коррупциялык схема уюштурган шектүүлөр кармалып, күнөөсүн мойнуна алышкан. Ошондой эле бул боюнча башка фактылар жана тиешеси бар адамдар тууралуу да маалымат беришкен», — деп билдирди УКМК.

Шектүүлөр УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>