Тигүүчүлөр жана электрондук соода менен алектенгендер бирдиктүү салыктан убактылуу бошотулдуНарында ок атуу боюнча жаңы спорттук тир ачылдыКыргыз улуттук филармониясы жана Кореянын Сеул искусство жана маданият фонду кызматташатДүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына «Бишкек Аренага» шаттл-автобустар каттайт – даректерКылымдарды карыткан Кытай: Бишкекте өзгөчө эл аралык көргөзмө ачылдыБишкекте Кызыл-Суу кыргыздарынын аткаруусунда «Манас» спектакли коюлат
31-июль. Кыргызстанда дагы 662 адамга коронавирус жукту, 1052 бейтап айыкты
31.07.2020 | 11:38
Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде дагы 662 адамдын анализинен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу 31-июлда Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.
Соңку суткада коронавирус жуктуруп алгандар жашаган аймактар: Бишкек – 221
Ош – 52
Чүй облусу – 42
Ош облусу – 81
Талас облусу – 22
Нарын облусу – 13
Ысык-Көл облусу – 82
Жалал-Абад облусу – 102
Баткен облусу – 47.
18-марттан 31-июлга чейин өлкөдө жалпы 35 миң 805 адам коронавирус жуктуруп алган.
Ал эми бир сутка ичинде илдеттен 1052 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында жалпы айыккан жарандардын 25 саны 526 миң .
Рубрики: Жаңылыктар, Коом