Штаб: Пандемия башталгандан бери 73 медкызматкер каза болду

Штаб: Пандемия башталгандан бери 73 медкызматкер каза болду

30-июлга карата жалпы республика боюнча 73 медицина кызматкери коронавирустан каза болду. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришит.

Алардын ичинен 44 дарыгер, лабораториялык жана клиникалык-эпидемиологиялык тастыкталган коронавирус инфекциясынан каза болгон.

 Саламаттыкты сактоо уюмдарында иштеген орто медициналык билими бар адистер – 18 адам.

Саламаттыкты сактоо уюмдарында иштеген кенже медперсонал – 3 адам.

Саламаттык сактоо министрлигинин Саламаттык сактоо уюмдарында иштеген башка кызматкерлер – 8 адам.

Тизмеге саламаттык сактоо уюмдарында иштеген бардык медициналык кызматкерлер, ошондой эле жеке уюмдарда, башка ведомстволордун медициналык кызматында иштегендер жана пенсионерлер киргизилген.

Компенсациялык төлөмдөр толук эпидемиологиялык иликтөө жүргүзүлгөндөн кийин саламаттык сактоо министрлигинин буйругу менен бекитилген «Компенсациялык төлөмдөр жөнүндө» жобого ылайык эсептелет.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>