АКШга бараткан кыргыз жарандары депортацияланды. Иш сотко өттү

АКШга бараткан кыргыз жарандары депортацияланды. Иш сотко өттү

Ички иштер министрлигинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан Кыргызстандын жана ЖККУга мүчө мамлекеттердин аймагында 27-июндан 4-июлга чейин «Нелегал-Трафик» комплекстүү издөө иш-чаралары өткөрүлгөн. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, иш-чаранын жүрүшүндө Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматына ишкерлер кайрылып, алардан кылмыштуу чөйрөнү колдоо максатында белгисиз адамдар 500 АКШ доллар талап кылып жатышкандыгы боюнча билдиришкен.

Бул факты боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, 1-июль күнү акча каражатын алып жаткан жеринен Баткен районунун тургундары кармалып, алардын жашаган жеринен жана унаасында тинтүү учурунда ок атуучу куралдар табылып алынган. Мындан тышкары, мыйзамсыз миграцияны уюштуруу боюнча туруктуу каналдын ишмердүүлүгү, тагыраак айтканда, кыргыз жарандарын чет өлкөгө мыйзамсыз чыгаруу ишмердүүлүгү токтотулду.

Кыргызстандын 1986-жылы туулган А.Н. аттуу тургуну, “Грин Лайт Компани” компаниясынын директору, Кыргызстандын жарандарын чет өлкөлөрдө ишке орноштурууга уруксаты жок туруп, 40 кишиден турган Кыргызстандын жарандарынын тобун чогултуп алып, анын ичинде балдарды Европа жана АКШ өлкөлөрүнө алып өтүү максатында мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүп, Украинанын аймагы аркылуу Молдованын аймагына жеткиришкен.

Бул жаран чет элдик жарандар менен келишим түзүп алып, Кыргызстандын жарандарын Молдовада 5 айдан ашык кармап, аларды круиздик жана жүк лайнерлери менен бир нече жолу АКШ жана Европа өлкөлөрүнө ташууга аракет кылган. Натыйжада, Молдованын укук коргоо органдары Кыргызстандын жарандарына кылмыш ишин козгоп, кийин алар депортацияланган.

Көрүлгөн чаралардын жүрүшүндө 31 кылмыш иши козголуп, жалпысынан 20 млн сомго жакын зыян келтирилип, иш сотко жөнөтүлгөн.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: миграция

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>