Курман айтта 8 миңге жакын милиция коопсуздукту камсыздайт

Курман айтта 8 миңге жакын милиция коопсуздукту камсыздайт

Кыргызстанда Курман айтта 8 миңге жакын милиция коопсуздукту камсыздайт. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, Курман айт майрамынын алдында ички иштер органдарынын бөлүмдөрү коомдук жайларда кылмыштарга жана укук бузууларга жол бербөө максатында ыкчам-профилактикалык мүнөздөгү күчөтүлгөн рейддик иш-чараларды өткөрүүдө.

«Курман айтты майрамдоо күнү коопсуздук чаралары күчөтүлөт. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга дагы өзгөчө көңүл бурулууда. Өздүк курам ыкчам кырдаалга туруктуу көзөмөл жүргүзүүнү жана мыйзам бузуу фактыларына токтоосуз жооп кайтаруу чараларын көрөт», — деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, жарандарга сылык мамиле кылуу, мыйзамдуулукту сактоо жөнүндө кызматкерлерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Эртең, 9-июлда Кыргызстанда Курман айт майрамы белгиленет.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Милиция

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>