КРга кузовдорду алып келүүгө тыюу салууну узартуу каралууда: 8 компанияга — импортко уруксатКыргыз опера ырчысы Кайыргүл Сартбаева дүйнө салдыКыргызстанда банктык эмес каржы рыногу чөйрөсүндөгү окуу борбору түзүлөтОрусия Кыргызстандагы чет элдик капитал катышкан биргелешкен ишканалардын саны боюнча лидерДушанбеде ШКУнун өкмөт башчылары жолугуп, кызматташууну өнүктүрүү маселелерин караштыЮстиция министрлиги Бекешевдин Конституциядагы 44 ката тууралуу билдирүүсүнө жооп берди
Нарындын тургуну 4 жигитти атып салды, алар реанимацияда
08.07.2022 | 10:00
Нарын облусунда 4 жигит октон жаракат алып, оор абалда ооруканага түштү. Бул тууралуу Reporter.kg басылмасына өздүк булактар билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 8-июлга караган түнү катталган.
“Жергиликтүү тургун жеке пикир келишпестиктен улам тапанча менен 4 айылдашын атып салган. Мындан улам 2001-жылы туулган 4 жигит жаракат алып, облустук оорукананын кайра жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Жабырлануучулардын бири — К.О., аттуу жигитке операция жасалды. Анын ички органдары жабыркаган”, – деп билдиришти жеке булактар.
Учурда милиция окуянын чоо-жайын тактап жатат.
Кийинчерээк облустук милиция окуя боюнча билдирүү таратып, жаңжал жер талаштан улам келип чыкканын маалымдады.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом