40 миң $ пара менен кармалган блогердин иши: Азыр эмне белгилүү?

40 миң $ пара менен кармалган блогердин иши: Азыр эмне белгилүү?

Чүй облусунда 40 миң доллар пара опузалоого шектелип кармалган блогер Улан Бекмуратовдун иши сотко өткөрүлгөн. Бул тууралуу Reporter.kg’ге облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, иш сотко май айында жөнөтүлүп, Аламүдүн райондук сотунда карала баштаган.

Reporter.kg’ге Чүй облустук сотунан билдиришкендей, учурда бул иш боюнча айыпталуучуга карата кошумча соттук-психиатриялык экспертиза дайындалган. Белгилүү болгондой, кошумча экспертиза өткөрүү өтүнүчү жабырлануучу тарап жана мамлекеттик айыптоочу тараптан түшкөн. Сот өтүнүчтү канааттандырып, эми кошумча экспертиза жасалат.

Экспертиза жасалып жаткан учурда соттук отурумдар токтотулуп турат.

Эскерте кетсек, быйыл 2-майда блогер Улан Бекмуратов 76 жаштагы жарандан акча опузалогоо шектелип кармалган. Милиция билдиргендей, апрель айынан бери блогер аталган жаран тууралуу терс мүнөздөгү видеону жарыялай турганын айтып, 40 миң доллар талап кылып келген. Ал 37,3 миң доллар алып, кийин дагы акча сураган. 18-апрелде жаран милицияга кайрылган. 2-майда ал 2,7 миң доллар алып жаткан жеринен кармалган.

ИИМдин акыркы маалыматы боюнча, блогер арыз жазган адамдан 40 миң доллар эмес, 50 миң доллар опузалап, анын 40 миң долларын алган.

«У.Б. аттуу жаран өзүнүн материалдарын социалдык тармактарга активдүү жайгаштырып жүргөндүгү менен белгилүү. Буга чейин ишкерлер бул блогерге авто унаа белек кылышкан, балким аны коррупция менен чынчыл күрөшчү деп эсептешкенби же оройлугу, текебердиги үчүн сыйлашканбы белгисиз. (Бирок көпчүлүккө ал оройлугу жана текебердиги менен таанымал).

Алынган маалыматтарга караганда, апрель айынан бери блогер улгайган кишиге үзгүлтүксүз жолугуп, баарын видеого тартып, аны жаманатты кылам деп коркута баштаган. Кийин аталган блогер, арыздануучудан 50 миң доллар опузалай баштаган. Ал жалпысынан 40 миң доллар алып койгон. Үч жолу акча каражатын доолап келип, акчаны бөлүп алып кеткен», — деп билдирген ИИМ.

Видео: 40 миң $ пара менен кармалган блогер тууралуу эмне белгилүү?

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>